Меню
Эл-Сөздүк

Шам жагуу

Шам жагуу – бул шам жагып, пирлерди чакыруу менен кудайга жалынып сыйынуу, ойлогон ой-максатты, тилеген тилекти кабыл кылышын тилөө (Айгине: Таластагы Көк-Токой айылынын тургуну, бүбү Чоңмурунова Чачыкейден жазылган). «Бул Алла Таалага, улуу күчтөргө, периштелерге, мазарлардын ээлерине байланышка чыгып, аларга жалынуу» (Айгине: Таластагы Таш-Дөбө айылынын тургуну, бүбү Ыбралиева Маритадан жазылган). «Бул пирлерди, колдоочуларды чакыруу менен ооруган адамдын же жагылып жаткан үйдүн тагдырын суроо» (Айгине: Таластын тургуну Анарбекова Бүбүшай). “Шам жагуу ырымы көрүнгөн дүйнөдөн көрүнбөгөн дүйнөгө өтө тез өткөрүүчү көпүрө катары тээ илгертеден колдонулуп келген. Анын дагы бир орчундуу себеби, шам кимге арналып жагылган болсо, так ошо багышталган кишиси үчүн шам жаккан тарап жалындай жалбырттап күйөөрүн шерттей турган белги катары да эсептелген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: